Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен көчмө жыйын өтүп, сел жүргөн борбордук базарды кыдырып чыкты. Мэр сел жүргөн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө да барды. Ошондой эле Ош шаарында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ош шаарынын мэринин буйругунун негизинде, Ош шаарынын аймагына *»Өзгөчө кырдаал»* режими киргизилди.



Борбордук базардын аймагын иретке келтирүү, селдин кесепетин жоюу боюнча ӨКМ, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, аймактык башкармалыктын жана коммуналдык кызматтардын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

