Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда селден канча объект жабыркагандыгы тууралуу маалымат берди.
Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:
Ош шаары боюнча:
Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери азыр да уланууда.
Эске салсак, кечээ Ош шаары жана Кара-Суу аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Алардын биринин гана сөөгү табылды. Мындан тышкары, сел соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.