Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ жубайын, кыздарын сел агызып кеткен жаран менен жолукту. Ал жубайын таап алгыча сууну каналдарга ачпай турууну суранган. Министрлер кабинетинин башчысы Папан суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүп, сууну кармоо чегине жеткенин айтты.
Бүгүн жубайынын жана дайынсыз болуп жаткан эки кызынын сөөгү табылды. Кечээ бир кызынын сөөгү табылган. Учурда сел агызып кетти деген дагы бир аял изделип жатат.
Акылбек Жапаров андан ары кечээги селден жабыркаган соодагерлер менен жолугуп, алгач комиссия түзүлүп, зыяндар такталарын, жардам ошого жараша чечилерин билдирди.
«Колунда жокторго жардам беребиз», — деди Жапаров.