Бүгүн Ош шаарындагы селден жабыркагандарга Өзбекстандын Андижан облусунан гуманитардык жардам келди.
Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов коштоп келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.
Селден жабыркаган жарандарга 200 тонналык гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөр бар.
Андижандын губернатору «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.
1