• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

29-июлда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

28 Теке 2020 20:05 Бишкек Govori.TV

Эртең, 29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +14…+18
күндүз +28…+33

Талас облусунда

түнкүсүн +13…+18
күндүз +27…+32

Баткен облусунда

түнкүсүн +17…+22
күндүз +31…+36

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +17…+22
күндүз +31…+36

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +9…+14
күндүз +19…+24

Нарын облусунда

түнкүсүн +5…+10
күндүз +18…+23
Бишкек шаарында күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +30…+32 градус болот.

Количество просмотров: 174