• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

3 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду

14 Бирдин айы 202413:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февралдан 27-февралга чейин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду.

Алар:

— Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти 2-үй, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Альфа М Кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6357 лицензиясы;

— Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү 223, «Мадина» соода комплекси, «Начало» катары (№07 бутик) дареги боюнча жайгашкан «Амир-Умар» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 6517 лицензиясы;

— Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 206 дареги боюнча жайгашкан «ЮПэй» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 22-майындагы № 6528 лицензиясы.

Количество просмотров: 134