• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду

5 Жалган куран 2020 17:07 Бишкек Govori.TV

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Театрдын директорунун орун басары Елена Смирнованын айтымында, мындай чектөө өкмөттүн коронавирусту алдын алуу иш-чараларынын алкагында киргизилди.

«Коронавирустун Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында билим берүү жана маданий мекемелерде иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө буйрук чыккан», — деди ал.

Спектаклдер 31-мартка чейин коюлбайт. Билет сатып алгандар кайра кассага тапшырып же кийинки айларга алмаштырса болот.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңдей адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирусту алдын алуу максатында 275 чет өлкөлүк жаран учурда 14 күндүк обсервацияда жатат. Ооруну жуктургандар жок

Количество просмотров: 63