• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Бишкек – Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду

9 Баш оона 202217:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында орун алган селге байланыштуу Бишкек-2 – Балыкчы каттамын 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

«Каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Количество просмотров: 126