• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

3-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт (даректер)

1 Чын куран 202511:53 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат:

Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Институт земледелия, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Тенир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 178