3-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо сел жүрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Бишкек шаарында түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.