• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

3-июлда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

2 Теке 2020 16:39 Бишкек Govori.TV

3-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 26…28 градус болот.

Количество просмотров: 58