• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

3 күндөн бери дайынсыз. 18 жаштагы Асылбек изделүүдө

29 Үчтүн айы 202116:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 2003-жылы туулган Асылбек Чыраков дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Асылбек 26-январда болжол менен саат 16:00 чамасында Медициналык академиядан чыккан, бирок үйүнө барган эмес. Ошол эле күнү туугандары милицияга кайрылып, аталган факт КЖБРга катталган..

Милиция Асылбектин жүргөн жерин билгендер болсо 0(703) 102-261, 0(552) 102-261 телефон номурлары же «102» аркылуу байланышууну суранат.

Теги:
Количество просмотров: 67