• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

3-октябрга карата аба ырайы

2 Тогуздун айы 2020 13:44 Бишкек Govori.TV

3-октябрда күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Талас облусунда 1…6, күндүз 13…18,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Бишкек шаарында түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20° болот.

Количество просмотров: 62