Үч саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына 24-август саат 18:00гө чейин документтерин өткөрүүгө жетмшкен жок. Бул тууралуу документтерди кабыл алуу боюнча топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Бекматов билдиргендей, «Нур», «Тартип-Порядок» жана «Жашылдар партиясы» саясий партиялары документтерин өткөргөн эмес.
Белгилей кетсек, 24-августта саат 18:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди кабыл алууну аяктады.