• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

3 жашар кыз каналга түшүп кетти

24 Тогуздун айы 202210:08 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 3 жашар кыз каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Керме-Тоо айылынын кварталында жайгашкан каналга 2019-жылы туулган М.М. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, кыздын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 303