• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Буга чейин да бутун сындырган». Милиция сабалган 3 жашар кыз боюнча жаңы жагдайларды айтты

13 Бугу 202414:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-майда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маселе көтөрүлүп, буга чейин өгөй атасы тарабынан сабалган кыз тууралуу маалымат суралды.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев бул тууралу маалымат берип жатып, Чүйдө 3 жаштагы өгөй кызын сабап жүргөн деп кармалган жаран буга чейин анын бутун сындырганы аныкталганын айтты.

«Анда алар кызды ооруканага алып барып жаткырышкан. Бирок дарыгерлерден кыздын бутун ким сындырганын жашырып, «кулап түшүп бутун сындырды» деп коюшкан. Учурда ага 5 берене боюнча айып тагылууда. Азыр тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деди ал.

Ал эми Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаиловдун айтымында, кыз ооруканага түшкөндө мээси чайкалып, оң кабыргасынын үчөө сынган. Ошондой эле денесинде көгала тактар болгон.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Чүйдө катуу сабалган 3 жашар кыз (2021-жылы туулган) ооруканага түшкөн. Бул окуяга байланыштуу кызды сабап жүргөн деп шектелип 28 жаштагы М.Р. аттуу өгөй атасы кармалган. Ага «кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Коомчулукка бул окуя жөнүндө 4-майда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 160