30-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…20;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 1…7, күндүз 15…17;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус болот.