• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«300 аскерди алып кирип шайлатып жатат». ИИМ эмне дейт?

11 Чын куран 2021 16:42 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы «болжол менен 300 аскерди алып кирип шайлатып жатат» деген маалымат боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта курсанттар аскер адамдары болгонуна байланыштуу өздөрү катталган аймакка баралбагандыктан №1005 шайлоо тилкесине катталып, ошол жерден добуш беришкени айтылат.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 10:30 чамасында, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварынын №68 дарегинде жайгашкан №1005 аймактык шайлоо тилкесинде «болжол менен 300 аскерди алып кирип шайлатып жатат» деген маалымат түшкөн.

Аталган окуя боюнча көрсөтүлгөн дарекке Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын документтештирүү тобу барган. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы 11-апрелде саат 10:30 чамасында К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары шайлоого катышып, референдум үчүн добуш берип кеткенин, себеби алар аскер адамы болгондуктан, өздөрү жашаган аймактан добуш бере албасын, андыктан ушул шайлоо тилкесине катталганын маалымдаган.

Количество просмотров: 357