• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

30дан ашык кыргыз жараны Украинадан башка өлкөгө чыгып кетти

28 Бирдин айы 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги мекендештерди эвакуациялоого байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, ушул тушта элчилик консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышып жатат. Азыр Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 адам бар.

27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо баратат. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданууда. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратат.

Элчилик кыргызстандыктар үчүн Киевде, Одессада, Харьковдо жана Львовдо баш калкалай турган жайлар уюштурулганын эскертти.

Количество просмотров: 65