• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Талибдер басып алган Кабулда Кыргызстандын канча жараны бар?

17 Баш оона 2021 10:59 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын Афганистандын Кабул шаарындагы элчилигинде 20 чакты кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги КРнын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязовго шилтеме берүү менен билдирди.

«Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы аскердик-саясий абалга тыкыр көз салууда. Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандары менен ар дайым байланышта болууда», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов Sputnik агенттигине берген маегинде ар бир кыргызстандык көңүл сыртында калбайт деп ишендирген.

“Жалпысынан Афганистанда 20 кыргызстандык бар. Алар чач тарач, ресторан жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешет. Азыркы кырдаалда коркунучта калган айрым кыргызстандыктар Казакстандын элчилигине убактылуу жайгаштырылып, ошол жерде турушат. Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү чартердик каттамдарды уюштурганы жатат. Качан экени азырынча белгисиз”, — деген Ниязов.

Ниязов ошондой эле Афганистандагы Кыргызстандын элчилиги талибдер менен байланышка чыкканын айтып, талибдер дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугуна кепилдик бергенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 296