• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Мекеним Кыргызстандын» агитатору деген адам 313 миң сом акча менен кармалды

2 Тогуздун айы 202014:05 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын агитатору деген адам 313 миң сом акча менен кармалганы тууралуу маалымат тарады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдиргендей, акча таратууга шектелген жарандын жанынан беш конвертке бөлүнгөн акча жана аны кимдерге таратуу керек экендиги жазылган тизме табылган.

«Шектүү акчаны таанышы таштап кеткендигин айткан. Азыркы кезде бул окуя боюнча Жазык кодексинин 192 беренеси боюнча («Шайлоочуларды сатып алуу») сотко чейинки териштирүү иши башталды. Окуя боюнча азыр тиешелүү тергөө иштери журүп жатат», — деди Аширбаев.

Ал арада социалдык тармактарда окуяга байланыштуу деген тасма тарады.

https://www.facebook.com/Zhoodarshukuraliev/videos/703240527203803

Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия катышууда.

Количество просмотров: 728