• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

33 жаштагы аялды мурдагы жолдошу сабап, зордуктаган

11 Баш оона 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Мурда ажырашкан күйөөсү аялына зомбулук көрсөткөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун тургуну 33 жаштагы Б.А. 2022-жылдын 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ата” борбордук базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага мурда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 9-августта Кызыл-Кыя ШИИБне алынып келинди. Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 349