• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

33 жаштагы келиндин өлүмүнө шектүү кармалды

5 Чын куран 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык милициясы 4-апрелде 34 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү кармалганын билдирди. Бул тууралуу ушул эле күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн.

Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, келиндин өлүмү боюнча фактыны ырасташкан.

Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды шектүү катары кармаган.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканын 4-апрелде «Балдар укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыккан.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары утур-утур катталып, өлүм менен аяктаган учурлар да болуп келет.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялаган. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Количество просмотров: 331