Кыргызстанда 17-августка карата коронавирус дагы 341 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учур:
— Бишкек шаарында 151 адам;
— Чүй облусунда 93 адам;
— Ысык-Көл облусунда 29 адам;
— Жалал-Абад облусунда 22 адам;
— Баткен облусунда 16 адам;
— Талас облусунда 15 адам;
— Нарын облусунда 11 адам;
— Ош шаарында 3 адам;
— Ош облусунда 1.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 561 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 920 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 67 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 163 миң 810 киши айыгып чыкса, 2 миң 457 адам каза болду.