• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

35 жаштагы жаран кесиптешин өлтүрүп алды

6 Аяк оона 2022 15:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө кесиптештердин урушу биринин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрга караган түнү болжол менен 03:10дө Ысык-Көл райондук милициясына райондук аймактык ооруканасынан учтуу нерседен жабыркаган Ананьево айылынын 34 жаштагы жашоочусу К.У. ооруканада эсине келбей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.

«Ушул эле күнү болжол менен 01:00дө Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Д. 34 жаштагы кесиптеши К.У. менен жолугушкан. Алар спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен, натыйжада Б.Д. бычак менен К.У.нун ичине бир нече жолу сайып жиберген. Андан кийин жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза болуп калган»,-деп жазылат маалыматта.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалганга чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 1395