• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Итке калпак кийгизген кимдер?

23 Бештин айы 2017 13:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте келе жаткан ит жылына арналган Dog’s fashion show деген мода көргөзмөсү болуптур. Иш чарага кожоюндар иттерине ар түрдүү кйимдерди кийгизип алып мода көргөздүрүшөт экен. «Кылаарга иши жок, салаарга кушу жок» болсо, каалаганын жасай берсин. Бирок кыргыздын улутттук баш кийимине тийишпей эле коюшса болмок.

Итке калпак кийгизүү бул жалпы улутту мазактоого барабар көрүнүш. Ошондуктан Маданият министрлиги же башка тийиштүү мекемелер кандайдыр бир чара көрүп, кой-ай деп койбосо болбойт.

Калпакты мончого кийгендиги тууралуу маселе көтөрүлүп, азыр андай көрүнүш кездешпей калды. Эми мынтип итке кийгизип коюшуптур.

Dog’s fashion show иш-чарасынын уюштуруучулары тууралуу маалымат жок болуп жатат. Бирок иш-чара Бишкектин борборундагы  Bishkek Park соода жайында өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 12