• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Атамбаев качтыбы?

25 Тогуздун айы 2018 15:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.10.2018. Govori.TV
Экс-президенттин эң жакын адамдарынын бири Икрамжан Илмиянов камалары менен, Атамбаев Орусияга учуп кетти. Ал жака баруу себеби боюнча коомдо ар кандай божомолдор айтылууда. Айрымдары Атамбаев, Путинден колдоо сураганы кетти десе, кээ бири барууга милдеттүү болгон жүйөөлүү себептер бар экенин айтышууда.
Илмияновго «Алдамчылык» айыбы тыгылып, 20-октябрь күнү Орусиядан кармалып, Кыргызстанга таңкы саат 4.30та алынып келинген. Ал эми  22-октябрда Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп кеткен.
Анын кайрылып келээри белгисиз. Атамбаевдин үй бүлөсү бир жума мурун Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда. Бирок, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Атамбаев сөзсүз кайтып келет”,-деп ишендирүүдө.
«Атамбаев качып кетти» деген пикир туура эмес. Мындан сыркары аны келет же келбейт деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок»,-дейт Жолдубаева. 
«Экс-президенттин, Илмиянов кармалган кийин Орусияга учуп кетиши жөн гана дал келүүчүлүк»,-деп эсептейт депутат Рыскелди Момбеков.
«Мындан сырткары Илмияновдун кармалышы боюнча биздин күч органдар ушундай тездик менен иштей алат турбайбы»,-деп таң калып турганын айтты. Анын айтымында бул жерде кандайдыр бир саясий кызыкчылык жатат.
Илмияновду кармоого Россия федералдык коопсуздук кызматы жардам берди. Мындан кийин, «Кремль» Атамбаевди колдобойт деген жоромол туура эле айтылууда деген пикирин саясий серепчи Орозбек Молдалиев билдирди.
Мурдагы өлкө башчы Орусияга баруусунун негизги максаты кандай болгону азырынча белгисиз. Бирок, анын үй бүлөөсү Кыргызстандан бир жума мурун чыгып кеткенине караганда, Атамбаев ал жакка качып кетти дегенге ишенич күч алат.

Количество просмотров: 32