• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

4-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

2 Чын куран 2024 15:13 Бишкек Govori.TV

4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Өчүрүү аймагы Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көч.) менен чектешет.

Саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Эскерте кетсек, «Гагарин», «Юго-Западный» суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Теги:
Количество просмотров: 65