• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эскертүү! 9-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчөт

6 Чын куран 202614:10 Бишкек Govori.TV

9-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы Чүй проспектиси – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси Жибек-Жолу проспектиси аркылуу Ала-Арча суусуна чейин – Турусбеков көчөсү – Баялинов көчөсү – Абдрахманов көчөсүн камтыйт.

Суу «Белинский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Количество просмотров: 120