• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчөт (тизме)

16 Үчтүн айы 202612:48 Бишкек Govori.TV

20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү төмөнкү аймактарда суу өчүрүлөт:

  • 3-кичи район;
  • 4-кичи район;
  • 5-кичи район;
  • 7-кичи район;
  • 8-кичи район;
  • 9-кичи район;
  • 10-кичи район.

Ошондой эле төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу болбойт:

Ч.Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспектиси – Токтоналиев көчөсү – Ата-Түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн суусу – Түштүк чоң Чүй каналы – Байтик баатыр көчөсү – Ала-Арча суусу – Семетей көчөсү.

Суу өчүрүү Д-600 мм болгон түтүккө бурама тээктерди, Д-400 мм болгон 2 даана тосмону орнотуу жана Д-600 мм болгон суу өткөрмөнү Рысмендиев көчөсү, 1/1 аймагынан тышкары чыгаруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, ошондой эле шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.

Количество просмотров: 148