4-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен, Чүй облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градус болот.