Акыркы 4 жыл аралыгында 4141 бала асырап алынган. Бул тууралуу бүгүн парламентте эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова айтты. «2014-жылдан 2018-жылга чейинки изилдөөгө ылайык 4141 бала асырап алынган. 4048 бала Кыргыз өлкөсүнүн жарандары асырап алса, 93 баланы чет өлкөлүк жарандар асырап алган. 93 баланын ичинен 88 бала АКШга кеткен. Сыртка асырап алууга кеткен балдардын көпчүлүгү оорулуу болгон. Ал эми биздин өлкөдөгү бала асырап ала турган жарандар 1 жашка чейин жана ден соолугу бекем балдарды алышат», — деди Исакунова.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …