4 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 47 жаштагы Д.К. аттуу тургуну 2019-жылы Лейлек район аймагында алдамчылык кылып, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн. Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 4 жылдан бери издөөдө жүргөн Д.Кнын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалып кармалган.
Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.