• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

№47 абактын алдына Атамбаевдин тарапташтары митингге чыгышты

24 Жалган куран 2022 12:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-мартта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 47-абактын алдына нааразычылык акциясына чогулушту.

Чогулгандар, Атамбаеге карата болуп жаткан мыйзамсыздыкты токтотуу талабын айтышып, мурунку президенттин кечээ Биринчи май райондук сотуна футболка менен жеткирилгенине нааразы болушууда. Алардын айтымында, Атамбаевдин ден соолугу сот процесстерине катышууга мумкунчулук бербейт.

Белгилей кетсек, кече сотко мажбурланып алынып келинген Атамбаев унаадан түшпөй койгон. Анын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында аны күч менен алып келишкен.

«Алмазбек Атамбаев унаадан түшпөй жатканынын себеби, биринчиден анын ден соолугу начар, экинчиден ал талапка жооп бере тургандай кийинген эмес. Себеби, аны абак кызматкерлери футболкачан алып чыгышкан», — деген жактоочу.

Количество просмотров: 199