5 жылдан бери издөөдө жүргөн Лейлектин тургуну Орусиядан табылды. Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун 1978-жылы туулган М.Ж. аттуу тургунунун үстүнөн 2016-жылы Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин (1997-жылкы редакция) 204-беренеси (контрабанда, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу, ушул статьянын 2-бөлүмүнөн тышкары товарларды же башка нерселерди ири өлчөмдө алып өтүү, бажы көзөмөлүнөн буйтап же жашыруу менен коштолгондугу же болбосо деклорациялабоо аракеттери ) жана 200-берене (милдеттүү акциздик салык салуучу продукцияны акциздик маркасын өндүрүү, сактоо, импорттоо, сатуу) менен кылмыш иши козголуп, мамлекетке 117 500 сом зыян келтирген.
Кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткендигине байланыштуу, 2018-жылы бул жарандын үстүнөн издөө иши ачылган.
«Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Жнын Россия Федерациясында жүргөн жери аныкталып, 2022-жылдын 18-август күнү тергөөгө алынып келинди»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.