• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

50 партия парламенттик шайлоого катыша турганын билдирди (тизме)

3 Аяк оона 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-сентябрда саат 17:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясына 50 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түштү:

  1. «Социал -демократтар»
  2. “Улуттар биримдиги”,
  3. “Ишеним”,
  4. «Альянс»,
  5. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”,
  6. “Жаратман Эл”,
  7. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»,
  8. «Ата Мекен»,
  9. «Ыйман Нуру»,
  10. «Эл үмүтү социалдык саясий партия»,
  11. “Актив”,
  12. “Бийлик элге”,
  13. ”Акыйкат Кыргызстан”,
  14. «Ар-Намыс»,
  15. «Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы»,
  16. «Күч биримдикте» социалдык-саясий партиясы”,
  17. «Азаттык” демократиялык партия”,
  18. «Ынтымак”,
  19. «Аалам”,
  20. «Тилектештик”,
  21. «Социалист”,
  22. «Ак Асаба”,
  23. «Ак Бата”,
  24. «Адилет”,
  25. «Ата-Журт Кыргызстан”,
  26. «Мекенчил Эл”,
  27. “Бирге-Вместе”,
  28. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”,
  29. “Менин Мекеним”,
  30. “Келечек-Будущее,
  31. ”Элдик Партия”,
  32. “Биздин Эл”,
  33. “Жаңы ЭРА”,
  34. «Күчтүү регион”,
  35. «Жаңы Мезгил”,
  36. “Бүтүн Кыргызстан”,
  37. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия”,
  38. «Асыл- Мурас Жаштар”,
  39. «Кыргызстан либерал –демократиялык партия”,
  40. «Чоң казат,
  41. «Улутман»,
  42. «Эмгек”,
  43. «Аманат»,
  44. «Ордо”,
  45. «Асаба” элдик кайра жаралуу”,
  46. «Либералдык-прогрессивдүү”,
  47. «Айкөл Кыргызстан”,
  48. «Кыргызстан элдеринин конгресси”,
  49. «Элдик кыймыл партиясы”
  50.  «Нур”саясий партиясы.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.

Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.

Количество просмотров: 1117