• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

51 жаштагы жаранды карактаган шектүүлөр кармалды

10 Жетинин айы 2023 15:00 Бишкек Govori.TV

51 жаштагы жаранды карактаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрга караган түнү саат 03:10 чамасында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу районунда убактылуу жашап жаткан 51 жаштагы жарандын үйүнө бейтааныш 3 адам кирип келип, бычак мойнуна такап коркуткандыгы тууралуу маалымат катталган. Алар, алдын ала каракчылык жасоо максатын көздөшүп, жабырлануучу А.Ч. үйүндө уктап жаткан учурда үйүнүн ичине киришип, бычакты моюнуна такап коркутушуп, ал ыңгайлуу учурдан пайдаланып качып чыгып кеткенде үйүнүн ичиндеги 47200 сом накталай акчасын жана базар баасы 16000 сом болгон Редми НОТ 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун карактап алып чыгып кетишкендиги аныкталды. Натыйжада, жабырлануучу А.Ч. 63200 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты боюнча материал топтолуп, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 207-бер. 2-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде изи сууй электе кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 21 жаштагы Т.И, 21 жаштагы Б.уулу Н. 21 жаштагы С.А. жана 29 жаштагы С.Р. кармалышып, камакка алынышты»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 146