• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргыз-казак чегарасынан жабыркагандарга жардам берилдиби?

16 Үчтүн айы 2018 20:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV.

10-октябрь-30-ноябрь 2017-жыл Кыргыз-казак чегарасы жабылгандагы толук статистиканы Кыргызстандын чегара кызматы, экономика министрлиги, айыл чарба министрлиги да бере албагандыктан, Казакстандын маалымат байланыш министрлигинин алгачкы бир жумадагы маалыматын сунуштайбыз.

 

 

 

 

Айыл чарба министрлиги чегара маселесинен кыргыз дыйкандары канча чыгым тартканы тууралуу маалыматка ээ эмес.

Казакстан ошондой эле эки өлкөнүн базарларында кеңири сатылган жана суроо-талап менен колдонулган Куликов тортторуна дагы чектөө киргизгени кабарланган.

Бирок Куликов ишканасынын билдирүүсүндө чектөө 2 гана аталыштагы товарга кирген, ал эми Куликовдо жалпысынан 200дөн ашуун аталыштагы азыктар өндүрүлүп чыгат.

200 азыктын түрү болсо

2 түрүнө Казакстан тыюу салган

Андан тышкары Казакстандын ветеринардык көзөмөл комитети айрым норма бузуулар табылган товарларды алып, жок кылышкан. Канча азык жок кылынгандыгы жөнүндө так маалымат жок болгону менен 29-октябрда 127 кг Кыргызстандын сыры жок кылынгандыгын ЖМК жазып чыгышкан.

 

Чегара жабылган күндөн тарта Кыргызстанга Казакстандын көмүрү келбей калган. Кыргызстан Казакстандан 30 пайыз көмүрдү импорттойт.

Казакстан көмүрдү кирбей калуусун өздүк керектөөлөрү менен түшүндүргөн. Мындан улам Кыргызстанга көмүргө болгон баа кескин өсүп кеткен.

Ишкерлер Ассоциациясынын Президенти Сергей Понамеровдун айтуусунда чегаранын жабылуусунан канча ишкер жабыр тартканы жана канча чыгымга учураганы тууралуу так маалымат жок.

“Чыгым бар экени талашсыз. Бирок, чакан бизнестин бухгалтерия ишинде өтө чоң көйгөйлөр бардыгынан азыр эсептеп чыгуу мүмкүн болбой жатат”,-деди Пономарев

Анткен менен үч күн бою кезек күтүп өтө албай турган оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 40 миң долларлык товар бар экендигин, бирок чыгым андан да ашып кетиши мүмкүндүгүн айткан.

Кыргыз  өкмөт башчысы Сапар Исаков 30-октябрда кыргыз-казак чегарасынын жабылуусунан чыгым таркан ишкерлерге жардам берүү боюнча токтомго кол койгон. Ал токтомго ылайык 1-декабрга чейин атайын түзүлгөн комиссия жардамдын суммасын аныктап чыгышы керек болчу. Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков өкмөттүн алдындагы атайын комиссия жабыр тарткан ишкерлерден арыз кабыл алуу учурда да жүрүп жатканын айтат.

Сазбаков ушул убакка чейин 14 ишкана арыз менен кайрылып, бирок документтери туура болбогондуктан 8 ишкананын арызы кайтарылып берилгендигин,  ал эми үч ишкананын арызы кабыл алынып комиссия тийешелүү жардам бере тургандагын айтат.

 

Биз өкмөттөн жардам ала турган, арызы кабыл алынган “Биек-Карго ЖЧКсынын жетекчилигине кайрылганыбызда, кыргыз өкмөтүнөн кредитибизди реструктризация кылууга жардамшууну өтүнгөндүгүн билдирди.

Ошондой эле кыргыз-казак чегарасынын жабылуусунан чыгым тарткан ишканалардын тизмесине кыргыз-орус ишканасы “Роланын” документтери кошумча киргилерин билдирет министрдин орун басары Сазбаков.

Ал эми “Ата” ЖЧКсынын товары бузулду делген акт көз карандысыз эксперттердин баасы менен жокко чыгарылган.

“Майлы-Суу лампа заводу” чегаранын жабылуусунан тарткан чыгымын 107320 сом деп эсептеген. Бирок экномика министрлиги бул сумма көп суроолорду жаратарын, андыктан кайрадан текшерип чыгуу зарылдыгын айтат.

Экономика министринин орун басары Сазбаков чегара көйгөйүнөн жеке адамдар көп чыгым тартпаганын айтат.

Ал эми, чегара жабык турган эки ай экономиканын жылдык көрсөткүчүнө сезилерлик таасирин тийгизгенин айтат министрдин орун басары.

 

Количество просмотров: 59