• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

6-класстын окуучусунун өлүмү. Билим берүү министрлиги билдирүү таратты

27 Бирдин айы 202410:15 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын окуучусу менен болгон кайгылуу окуяга байланыштуу комментарий берди.

Министрлик кабарлагандай, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү 2024-жылдын 20-февралында Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусунун өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат берген.

“Окуучунун өз өмүрүнө кол салуусунун себептери белгисиз. Курдаштары жана мугалимдери менен чыр-чатак болгон эмес. Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1463