• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

6-октябрга карата аба ырайы

5 Тогуздун айы 2020 15:38 Бишкек Govori.TV

6-октябрда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз  +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн  -3…+2, күндүз +7…+12.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +9…+11.

Количество просмотров: 93