• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

6 жашка чейинки балдарга амблатордук жана стационардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт

9 Чын куран 2019 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV

Кечээ, 8 – апрелдеги Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндөгү отчетун укту. Бул багытта вице-премьер-министр А. Өмүрбекова баяндама жасап, 2018 – жылдагы социалдык тармактагы аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан кабарлады.

Анда маалымдалгандай, экономикалык өсүштөр болуп, тышкы соода жүгүртүүдөгү жылыштар жакшырып, алтынды кошпогондо товарлардын экспорту 3,4%га жогорулаган.

“Өткөн жылы социалдык секторго болгон бюджеттик чыгымдар ИДПнын көлөмүнө 52,5 % болгон. Жашоого маанилүү болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси бекитилип, анда 409 дары түрлөрү камтылды. Дары каражаттарынын улуттук базасын түзүү иштери жүргүзүлдү”, — дейт вице – премьер – министр.

2018 – жылдын 1 – октябрынан тартып, биринчи баскычтагы медициналык кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылган ошондой эле гемодиализ алган жарандарга Жалал – Абад, Бишкек шаарларында атайын борборлор ачылганын кошумчалады.

“Эми ушул жылдын акырына чейин Ош шаарында дагы бир борбордун ачылышы күтүлүүдө. Жалпысынан, 1336 киши гемодиализ алышат. Анын 575си мамлекеттин эсебинен медициналык жардам алып турушат. 6 жашка чейинки балдарга амблатордук жана стационардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт”,-деди  А.Өмүрбекова.

Бакча курагындагы балдардын 3- 7 жаштагыларынын  41%ы ар кандай программаларга катышууда. Сегиз балдар бакчасы өз багытында иштөөгө кайтарылып берилген.

Талкууда депутат Өмүрбек Бакиров жаш өспүрүмдөр арасындагы тарбиянын төмөндөп жаткандыгына токтолуп, буга миграцияга кеткен ата – энелердин балдары кабылып олтургандыгына кабатырланды.

Депутат Евгения Строкова билим берүү тармагына тиешелүү соцтармактардагы маалыматтарды ачып окуудан тартынаарын айтты. Анткени, андагы коррупциянын гүлдөп жаткандыгын көрүүгө болот, — дейт эл өкүлү. Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинин жеткиликтүү саясат алып бара албай жаткандыгын айтып, өлкөнүн негизги тармагы аксап жаткандыгын сынга алды.

Талкуу жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндөгү отчетун жактырды.

Тармактык комитет ошондой эле бул жолку олтурумунда “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын өзгөртүүлөрү экинчи окууда карап, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү”

мыйзамдын өзгөртүүлөрүн Жогорку Кеңештин кароосуна жолдоду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар протоколдук тапшырмаларынын жыйынтыктарына да көңүл бурулуп, алар тармактык комитеттин көзөмөлдүгүнөн алынып салынды.

Количество просмотров: 35