• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

6 жаштагы кызды зордуктаганга аракет жасаган киши 20 жылга эркинен ажыратылды

18 Аяк оона 2018 19:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.
6 жаштагы кызды зордуктаганга аракет жасаган деген айып менен кылмышка шектүүнү 20 жылга эркинен ажыратышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга бөгөт коюу, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Талантбек уулу Нуржан маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын ноябрында 42 жаштагы К. уулу С. мас абалында 6 жаштагы кызды эч ким жок жерге алдап алып барып, зордуктоого аракет кылган. Айылдын тургундары жардамга келишип, милиция чакырышкан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү кармалган. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ал күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы берилди.
Количество просмотров: 26