• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

600 долларлык аттишке ТЭЦтин кызматкерлери нааразы

15 Жалган куран 2018 10:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.03.2018. Govori.TV.
«Электр Станциянын жообу боюнча аттиштер 320 доллар турат экен, алар кадимки эле аттиштер, өзгөчөлүгү жок. ТЭЦтин  башка кызматкерлери да нааразы, эмне үчүн аттиштер ушундай кымбат көрсөтүлгөн»,- дейт ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу.
Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган аттиштин (плоскогубцы) баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу Govori.TV сайтына билдирди.
Нурлан Өмуркул уулу депутат Акылбек Жаманкулов көтөрүп чыккан 14500 долларлык камералар жөнөкөй эле камералар экенин айтты.
ЖЭБдин мурдагы директору ЖЭБ техника-экономикалык негиздемеси, проекти жок салынгандыктан 386 миллион долларга сумманы чыгаруу үчүн бааларды асмандан алып жаза беришкенин айтат.
Бишкек ЖЭБдеги авариядан соң депутаттык комиссия түзүлүп, учурда иликтөө ишин жүргүзүп жатат.
Количество просмотров: 44