Баткенде соода борбордон ири өлчөмдө акча уурдаганга шектелип, 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарындагы “Асылбек” соода борборунун сатуучусу 32 жаштагы С.С. арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 17-мартына караган түнү белгисиз жарандар анын дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип, 600 миң сомго жакын акчасын уурдап кеткендиги жазылган.
Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган.
“Баткен районунун 15 жаштагы Н.К. жана Жалалабад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары Бишкек шаарынан кармалды. Кылмышка шектүү өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим кечелери тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилген.