Бүгүн, 8-июлда Бишкекте 7-апрель көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө жолгон кулап түштү.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, «Howo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа аталган курулманы сүзүп кеткен. Жабыркагандар жок ал эми жүк ташуучу унаа айып короосуна токтотулду.