• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Атамбаев салган мечит камакка алынды

3 Аяк оона 2019 11:56 Бишкек Govori.TV

Сот Бишкектин 7-кичи районундагы «7-апрель шейиттери» мечитин камакка алды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тергөө мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны кайсыл каражатка курганын аныктап чыгат. 1 гектар жер аянты жана мечит Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «»Форум» Илимий-өндүрүштүк фирма» ЖЧКсына катталган.

«7-апрель шейиттери» мечити быйыл апрелде ачылган. Алмазбек Атамбаев мечиттин курулушуна достору жардам бергенин айткан.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Количество просмотров: 182