Кыргызстанда жети миллионунчу жаран төрөлүп, анын ысымын президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон. Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жалпы жыйын учурунда айтты.
Маалыматка ылайык, ымыркай Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлгөн.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.
Эске салсак, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.