• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

7-8-ноябрь күндөрү Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү

6 Жетинин айы 2018 13:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.11.2018.Govori.TV
 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү жана ата-бабалардын элесине таазим этүү максатында 2017 – жылдан баштап 7-8 – ноябрь күндөрү Кыргызстанда “Тарых жана ата – бабаларды эскерүү күнү” болуп расмий белгиленип келет.
7 – ноябрь.
Улуу Октябрь Социалисттик революциясы тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүшүнө жол ачкан. Себеби, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштөн кийин Октябрь революциясы кыргыз элине өзүнүн мамлекетин кайра жаратууга шарт түзгөн. Мындай шартта элибиздин эркиндикке жана эгемендикке жапырт умтулуусу 1916-жылдагы окуялардын негизги кыймылдаткыч күчү болгон. Падышалык бийликтин зулумдугунан, карапайым калк кызыл кыргынга кабылган. Архивдик маалыматтарга ылайык Үркүндүн каргашалуу окуялары жана эң көп адам курмандыктары 1916-жылдын күзүндө болгон. Бул каргаша Россиянын прогрессивдүү күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен токтотулду. Мамлекеттик думанын А.Ф.Керенский баштаган депутаттык комиссиясы падышалык бийликтин кылмыштарын алгачкы болуп ачык айыптап чыкты. Ал эми 1917-жылдагы Февраль революциясынан кийин Россиянын Убактылуу Өкмөтү качкындарды мекенине кайтаруу чараларын көрө баштады. Андан кийин бул ишти В.И.Ленин башкарган Совет бийлиги улантты. Ал эми, 2016-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилеп, Кыргызстан эли ата-бабалар алдында ыйык парзын өтөдү.
Тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүшүнө жол ачкан Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 2017-жылдын 7-ноябрында 100 жыл толду.
8 – ноябрь.
Совет мезгилиндеги жетишкендиктер менен катар эле октябрь окуяларына Россиянын каргашалуу тажрыйбасы катары баа берилип, эбегейсиз жоготуулар, маданий тажрыйбанын жоготулушу, муундар ортосундагы байланыштардын үзүлүшү, куугунтуктоолор, калктын билимдүү катмарынын эмиграциясы, сүргүнгө айдалгандардын жана кулакка тартылгандардын курмандыктары, массалык репрессиялар менен мүнөздөлдү.
Ошол жылдары Кыргызстан эли да чоң жоготууларга учурады. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана улуттук интеллигенциянын башка таанымал өкүлдөрүнө, көрүнүктүү чарба кызматкерлерине жана мамлекеттик ишмерлерге карата репрессиялар жаш кыргыз совет республикасынын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген.
Количество просмотров: 129