Эртең, 8-июлда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +13…+18
күндүз +30…+35
Талас облусунда
түнкүсүн +9…+14
күндүз +29…+33
Баткен облусунда
түнкүсүн +16…+21
күндүз +31…+36
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +16…+21
күндүз +31…+36
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +22…+27
Нарын облусунда
түнкүсүн +4…+9
күндүз +21…+26
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +33…+35 градус болот.