• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

8 жылдын ичинде 268 Кытай жарандары Кыргызстандын жарандыгын алган

18 Бештин айы 2018 10:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.12.2018.Govori.TV.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандары тууралуу маалыматка карата  Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүү таратты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык 2018-жылы Кыргыз Республикасына 35 215 (2017-жылы 41 307) Кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 436 (2017-жылы 40 690) Кытай жараны чыгып кеткен.

Тышкыиштер министрлигинин маалыматына караганда Кыргыз Республикасынын визасын 21017 Кытай жараны алган, мунун 14 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 310 виза алынган, (анын ичинде 1013 электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку визаалгандар Кыргыз Республикасынын аймагына бир календардык жылдын ичинде бирканча жолудан келип-кетишкен.

КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 966 (2017-жылы 18 312) Кытай жараны алып,алардын ичинен 9 498 (2017-жылы 11 593) Кытай жараны Кыргызстандын аймагында убактылуу иштегенге уруксаат алган.

Ошону менен бирге иш берүүчүлөр уруксатты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынан жыл сайын кайрадан алып турганга милдеттүү.

Мындантышкары 2010-2018-жылдары баардыгы болуп Кыргыз Республикасынын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан (никелешүү тууралуукүбөлүктү алышкан).

2010-2018-жылдарда жалпысы болуп 268 Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган.Алардын ичинде 171 кыргыз, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай, 9 дунган жана 1 казак улутундагылар бар.

«Келтирилген маалыматтарды эске алуу менен туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын билдиребиз»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 12